Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:31

«Чыгышэлектро» акционердик коомунун Нарын бөлүмүнүн бир нече кызматкери иш ташташты


НАРЫН. Мындай маалыматты филиалдын кесиптик уюмунун төрагасы Сулайман Токтосунов билдирди. Көрсө филиалдын 226 жумушчу, кызматчыларынын катышуусунда 27-апрель күнү жамааттын жыйыны өтүп, анда айлык акылардын берилбей жаткандыгына нааразычылык билдирилген. Төрага Сулайман Токтосунов филиалдын эмгек акы боюнча бересеси 10,8 млн. сомго, же болбосо айрым жарандардын аласасы 130 миң сомго жеткендигин, бул алты айдан бери эмгек акы толук төлөнбөгөн жагдай экендигин белгилеп, жамаат жыйыны карызды тез арада жоюу талабын койгон. Талаптары аткарылбаса жалпы жамаат 6-майдан иш таштоого чыгышаарын эскертишкен. Бирок карыздарды жоюу боюнча филиал тарабынан көзгө көрүнөөрлүк иш аткарылбагандыктан бир нече жумушчу 6-май күнү үч саат иш таштоого барды, деген Сулайман Токтосуновдун пикирине филиал деректири Рысбек Сарымсаков макул болгон жок. Анын айтымында айлык маяна төрт айга кечигүүдө жана карыздардын суммасын азайтуу иши жүрүп жатат. Ал эми төрага болсо жумушчу, кызматкерлер 15-майга чейин талаптары аткарылбаса мөөнөтсүз иш таштоо акциясын башташарын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG