Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:24

Москва өкмөтүнүн өкүлү Жалалабаддагы ардагерлер менен жолукту


ЖАЛАЛАБАТ. Москва өкмөтүнүн делегациясынын башчысы Валерий Сапожников согуш ардагерлерин экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 60 жылдыгы менен куттуктап, Москва шаарын коргоого катышкан бүткүл кыргызстандыктардын, анын ичинде фашисттердин борбор шаарга жасаган чабуулун майтарган №316 Панфилов дивизиясынын эрдиги бөтөнчө экендигин белгиледи. Москва шаарынын өкүлдөрү жалалабаттык ардагерлерге 500 рублдан, ал эми Орусиянын элчилигинин Оштогу консулдугу 1500 сомдон материалдык жардамдарды тапшырышты. Облустук ички иштер башкармасы согушка катышкан милиция кызматкерлерин согуш мезгилиндеги аскер боткосу менен сыйлады. Согуштан кайтпай калган атуулдардын эстелигине гүл коюлду.

XS
SM
MD
LG