Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:07

Темир жолчулар ачкачылык акциясын Ак үйдүн алдында улантышты


БИШКЕК. Темир жол башкармалыгынын 21 жумушчусу ачкачылык акциясын 6-май күнү өкмөт үйүнүн алдында улантышты. 26-апрелден бери ачкачылык акциясын жарыялаган жумушчулар өкмөттөн темир жол тармагында көп жылдар бою топтолгон маселелердин чечилишин, андагы коррупциялык иштердин токтолушун, тармакта ага тиешелүү гана адистердин иштешин талап кылып жатышат. Алар темир жол башкармалыгынын азыркы башчысы Нариман Тулеевди кызматтан алып, анын ордуна башкармалыктын мурдагы жетекчиси Арген Малабаевди дайындоо талабын да коюшууда. Ал эми Нариман Тулеевдин пикиринде нааразылык акцияда отургандардын талаптары негизсиз. Нааразылык акциянын катышуучусу Эрнис Докеновдун айтымында бүгүнкү күндө ачкачылык жарыялагандардын ичинен төртөө саламаттыгы начарлагандыгынан ооруканага жаткырылды. Алар менен буга чейин өлкөнүн транспорт жана коммуникация министринин милдетин аткаруучу Ишенбай Кадырбеков, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Медетбек Керимкулов жолуккан. Бирок коюлган талаптар чечиле элек.

XS
SM
MD
LG