БИШКЕК. Экономикалык өнүгүү, соода жана өнөр жай министри Амангелди Муралиевди бир катар эмгек жамааттары президенттикке талапкер кылып көрсөтүүдө. Бул тууралуу министрдин кеңешчиси Султан Турсункулов 6-майда билдирди. Анын айтымында, мындай демилге менен Оштогу текстиль комбинаты, Айдаркендеги сымап комбинаты жана өлкөнүн товар өндүрүүчүлөр бирикмеси чыгууда. Ал эми Муралиевдин өзү бул маселе боюнча бир жактуу чечим кабыл ала элек, деп белгиледи Султан Турсункулов. «Арнамыс» партиясынын лидери Феликс Куловду Баткен облусунун Кадамжай районундагы Карадөбө айылынын тургундары президентке талапкер катары көрсөтүү максатында жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу партиянын түштүк регион боюнча координатору Сагын Жороев 6-майда кабарлады. Маалыматка караганда жыйынга 110 атуул катышып, алар Феликс Куловду президенттикке талапкер кылып көрсөтүштү. 6-майда Борбордук шайлоо комиссиясына президенттик шайлоого талапкер катары катышаары тууралуу арызды Социал-демократиялык партиясынын лидери Алмаз Атамбаев да тапшырды. Ушуну менен расмий түрдө арыз берген талапкерлер саны төрткө жетти.