Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:52

Жүздөгөн үйлөрдү сел каптады


БИШКЕК. Акыркы күндөрдөгү жааган жаандан Баткен, Ош жана Жалалабад облусунун айрым жерлеринде сел жүрүп, жүздөгөн үйлөрдү, короо жайларды суу каптады. Тилекке жараша адам кырсыгы жок. Бул тууралуу экология жана өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Болотбек Айдаралиев билдирди. Анын айтымында, учурда атайын комиссия кырсык болгон жерлерде иштеп жатат. Кызылкыя шаарында 30 чакты үйдү калыбына келтирүүгө болбойт. Майлуусууу шаарында да 10 үй бүлөнү башка жерге көчүрүү зарыл. Комиссиянын иликтөөсүнүн негизинде жабыркаган үйбүлөлөргө ссуда берүү маселеси чечилмекчи. Кызылкыяда жалпысынан 15 миллион сомго чейин зыян келтирилди, деп белгиледи Айдаралиев.

XS
SM
MD
LG