Бириккен Улуттардын Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан конференциясында Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин деректири Мохамед Элбарадеи дүйнөлүк коомчулукка кайрылып, Түндүк Кореянын өзөктүк программаларын токтотуу керек деп билдирди. Жума күнү "Нью-Йорк таймс" гезити жазып чыкканга караганда, спутниктен тартылып алынган сүрөттөр - Түндүк Кореяда атом бомбасын сыноого даярдыктар көрүлүп жатканынан кабар берет.