Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Мамлекеттик кызмат боюнча агенттик декларацияларды текшере баштады


БИШКЕК. Учурда жана мурда саясий, мамлекеттик кызматтарда иштеген кызматкерлерден, Жогорку Кеңештин депутаттарынан, сот системасындагылардан, ар кандай бийлик бутактарында иштеген чиновниктердин өздөрүнүн жана жакын туугандарынын кирешелери, мүлктөрү тууралуу декларациялар толтурулуп тапшырылды. Бирок айрымдары али күнгө чейин декларацияларды толтуруша элек. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат боюнча агенттиктин маалымат кызматынан 7-майда билдиришти. Кабарга караганда аталган агенттик тарабынан тапшырылган декларациялар тыкат текшерилүүдө.

Мыйзамга ылайык өздөрүнүн жана жакындарынын киреше-мүлктөрүн жашырган чиновниктер жоопко тартылып, укук коргоо органдары тарабынан чара көрүлөт.

XS
SM
MD
LG