Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:40

Акаевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү мүлк мамлекеттин менчигине өткөрүлөт


БИШКЕК. 7-майда өлкөнүн Башкы прокурорунун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаровдун демилгеси менен маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевге тиешелүү болгон үч объектте, анын китепканасында жана эки үйүндө болушту. Башкы прокуратуранын маалыматтарына караганда, Бишкекте Москва жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде салынган китепкананын биринчи бөлүгүн курууга 284 миң АКШ доллары сарпталган. Анын экинчи бөлүгүнө 224 млн сом каралган. Бирок, аны каржылоо 24-марттагы ыңклаптан кийин токтотулгандыгына байланыштуу бүтүрүлө элек. Акаевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү хан-сарайдын салынышына 478 млн сом бөлүнгөн жана анын ичинен 72 млн сом сарпталган. Баш прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаровдун маалыматы боюнча бул Акаевдин үй –бүлөсүнө тиешелүү китепкана жана үйлөр мамлекеттин казынасынан мыйзамсыз бөлүнгөн каражаттардын эсебинен салынгандыгы тастыкталды. Ошондуктан, алардын баары жакын арада мамлекеттин казынасына өткөрүлүп берилет.

XS
SM
MD
LG