Кофи Аннан бул кызматка перулук дипломат Алваро де Сотону тандап алды. Де Сото ООНдун структураларында чейрек кылымдан бери иштеп келатат, мындан он беш жылдай илгери ал Сальвадордогу ич ара согушту жөнгө салууда жигердүү иштеген. Де Сотого чейин норвегиялык дипломат Тер Ред-Ларсен ООНдун Жакынкы Чыгыштагы атайын өкүлү болчу.