Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Багдадда бүгүн эки ирет бомба жарылды


АКШнын элчилиги ырастаган маалыматтарга ылайык, он беш киши, анын ичинде америкалык эки жоокер опот кетти, отуздай адам жарадар болду. Полиция ырастагандай, шаардын чок ортосунда кыймыл үзүлбөгөн аянтка коюлган дүрмөттүү машина жарылган. Акыркы бир аптанын ичинде эле бүткүл Иракта кыянат-кыргындан эки жүз элүүдөй адамдын өмүрү кыйылды. Ушул эле күнү Ирактын президенти Жалал Талабани биринчи ырасмий визит менен Иорданияга келди.

XS
SM
MD
LG