Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:56

Эгер Пхеньян ядролук сынак өткөрсө, анык балаамат болот


Бул тууралуу эскертип, МАГАТЭнин башчысы Мохаммед ал-Барадей дүйнөлүк коомчулукту Түндүк Кореянын бу планын ооздуктап калууга чакырды. “Менимче, мунун саясий салакасы Азия жана жалпы дүйнө үчүн өтө кесирлүү болот, регионго радиоактивдүү заттар таралып, экологиялык алааматка да алып келиши мүмкүн”, - деп айтты ал-Барадей. Америкалык атайын кызматтардан алынган маалыматтарга таянып, ”Нью-Йорк таймс” гезити Түндүк Кореяда ядролук сыноо өткөрүүгө даярдыктар көрүлүп жатканын кабарлаган эле.

XS
SM
MD
LG