Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

Жорж Бушка Латвиянын жогорку сыйлыгы тапшырылды


Латыш президенти Вайра Вике-Фрейберга Үч жылдыз орденине Буш ”өз өлкөсүндө гана эмес, жалпы дүйнөдөгү эркиндиктин жана демократиянын күрөшкери” катары татыктуу болгонун белгиледи. Фрейберганын айтымында, Буш Балтияга келип, азыр белгиленип жаткан тарыхый окуялардын эки маанисин баса көрсөттү. Алтымыш жыл мурда согуштун бүткөнү көпчүлүккө азаттык, жеңиш, майрамы болгон. Башкалар үчүн бул, Фрейберганын сөзүнө ылайык, кулчулукту, оккупацияны, сталиндик террорду билдирген.

XS
SM
MD
LG