БИШКЕК. 8- майда Кыргызстан элдик кыймылынын борбордук кеңеши ардагерлерди майрамы менен куттуктаган билдирүү таратты. Анда согуш ардагерлери дайыма мекенге берилүүнүн жогорку үлгүсү болуп калаары жазылган. Кыргызстан элдик кыймылы 24- марттан кийинки жаңы өкмөт ардагерлердин бакубат жана жаркын турмушуна багытталган чечкиндүү кадамдарды жасайт деген ишенимин билдирет.