Ирандын тышкы иштер министри Камал Харази анын өлкөсүндө ядролук технологияны кармоого “мыйзамдуу укугу бар” экенин жана уранды байытууну биротоло токтотуу планы жоктугун билдирди. Былтыр ноябрда Иран уранды байытуу иштерин убактылуу токтотуп, Евробримдиктин мүчөлөрү Британия, Германия жана Франция менен сүйлөшүүлөрдү баштаган. Каразинин АКШнын “Time” журналына айтышынча, Иран Евробиримдик менен бир мунасага жетишпесе, уранды байытууну кайра улантат. Кечээ күнү Иран парламентинин Улуттук коопсуздук жана тышкы саясат комитетинин башчысы Алаеддин Бороржерди европалыктар менен жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдү токтотуп койчу мезгил жеткенин айтып, сүйлөшүүнү токтотууга чакырды.