Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:52

Президент Путин Ирак согушун жаңылыштык деп санайт


Россия президенти Ирак согушу чоң жаңылыштык деген ишеничте жана америкалык аскерлер өлкөдөгү кырдаал стабилдешкенден мурда чыгып кетсе, абал дагы татаалданат деп санайт. Путин АКШнын Си-би-ес телеканалына берген интервьюда ошондой эле демократияны экспорттоп болбойт, демократия ички өнүгүүнүн натыйжасы болушу абзел деди. Ал губернаторлорду түз шайлоону токтотуу, демократиядан чегинүү болду деген кепти четке какты жана АКШнын президентин шайлоочулар тандаган адамдардын шайлоосун сындады.

XS
SM
MD
LG