Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:45

Москвада аскердик парад өтүп жатат


Нацисттик Германиянын үстүнөн Экинчи дүйнөлүк согушта болгон жеңишке арналып бүгүн Москвада өтүп жаткан мааракеге 50дөн ашуун мамлекеттердин, анын ичинде АКШнын, Кытайдын, Япониянын, Кыргызстандын лидерлери катышат. Өлкө башчылары Кызыл аянтта аскерий парадды көрүшөт жана Кремлдин ныптасындагы Белгисиз жоокердин бейитине гүл чамбарларды коюшат.
Салтанаттын коопсуздугун камсыздоо үчүн Москвага кошмчу аскер жана милиция күчтөрү жайгаштырылды.

Германиянын канцлери Герхард Шрөдер Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Россияга нацисттик бийликтер көрсөткөн зобундар үчүн кечирим сурады.
Шрөдер “Комсомольская правда” гезитине берген интервьюсунда согуштун жыйынтыгында мурдакы Советтер союзунан 27 миллион адам набыт болуп, өлкөгө сөз жеткис зыян келтирилгенин белгилей өттү.

Литва менен Эстониянын президенттери согуштан кийинки советтик баскынчылыкка нааразылык иретинде Москвадагы салтанатка келишкен жок.

Грузиянын президенти Михаил Саакашвили өлкөдөн россиялык эки аскерий базаны чыгарып кетүү боюнча сүйлөшүү натыйжасыз бүткөндөн улам Москвадагы мааракеге баруудан баш тартты. Саакашвили АКШнын Си-ен-ен телевидениесине берген интервьюсунда бардык россиялык аскерлердин өлкөдөн чыгып кетүүсүн кааларын, аскерлерди цивилизациялуу жол менен ылайыктуу мөөнөттө чыгарып кетүүнүн жайын Кремль менен талкуулоого даяр экенин айтты.

XS
SM
MD
LG