9-майда Бишкектин түндүк тарабындагы чоң жолдо автокырсык болду. Аламүдүн райондук ички иштер кызматынын күзөт бөлүмүнүн маалыматына караганда, бул кырсык «Ауди-100» үлгүсүндөгү жеңил автоунаа менен жүргүнчүлөрдү ташуучу чакан автоунаанын кагылышуусунан келип чыкты. Жалпысынан бул кырсыкка 14-15 чамалаш киши кириптер болуп, алардын 5өө набыт кетип, 7 адам жараат алды. Күзөт бөлүмүнүн маалыматына караганда, бул окуя боюнча иликтөо иштери жүргүзүлүп жатат.