БИШКЕК. Ош областынын Карасуу районун Учар айылынын тургундары «Арнамыс» партиясынын жетекчиси Феликс Куловду президенттикке талапкерликке көрсөтүшкөн жок. Бул тууралуу Учар айыл тургундарынын атынан Мыктыбек Абдыракманов телефон аркылуу «Азаттыкка» кабарлады. Ушул эле күнү «Арнамыс» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Бөдөш Мамырова 4-майда Учар айылында чогулуш болгондугу чын экендигин, ал эми жогорудагы атуулдар кимдир бирөөлөрдүн тукуруусу менен партия тууралуу жалган маалымат таратууда деп кабарлады.
Эске сала кетүүчү нерсе, «Арнамыс» партиясынын Бишкектеги өкүлчүлүгү жана партиянын Ош областык координатору Сагын Жоробеков Ош областынын Карасуу районунун Учар айлынын тургундары 4-майда жыйын өткөрүшүп, Феликс Куловдун талапкерлигин президенттикке көрсөтүшкөндүгүн жергиликтүү маалымат каражаттарына кабарлашкан.