Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Бакиев Москвада Кыргызстандыктар менен жолугушту


БИШКЕК. 10-15 жыл аралыгында КМШ аймагында болуп көрбөгөндөй демократиялык өзгөрүү болот. Мындай пикирин президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев 8-майда «Интерфакс» агенттигинде уюштурган маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, дүйнө жүзү демократиялык принциптер менен жашаган шартта КМШда башка жол жок. Курманбек Бакиев Улуу Жеңиштин 60 жылдык салтанатына катышуу үчүн Москвага 8-майда барган. Ушул эле күнү ал Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бакиев 9-майда дүйнөнүн 52 өлкөсүнөн келген президенттердин катарында Кызыл аянтта өткөн 60 жылдык салтанатка, андан соң белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюуга катышты. Кыргызстандын Орусиядагы диаспорасы менен, Орусиянын патриархы Алексий-2 менен жолугушту. Президенттин милдетин аткаруучу шейшембинин таңында Бишкекке кайтып келери белгиленген.

XS
SM
MD
LG