Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:27

Бишкекте 9-майга карата эскерүү жолугушуусу өттү


БИШКЕК. 9-май жеңиш күнүнүн 60 жылдык мааракеси Кыргызстанда айылдык, райондук, шаардык, облустук деңгээлде белгиленди. Ал эми Бишкекте Улуу Жеңиштин 60 жылдыгына карата митинг-реквием өттү. Бул эскерүү-жолугушууну коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков ачып, мамлекеттик катчынын милдетин аткаруучу Дастан Сарыгулов президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиевдин атынан ардагерлерди куттуктады. 7 облустан келген ардагерлердин өкүлдөрү 60 жылдыктын урматына 23-февралдан бери өлкөнү кыдырып келаткан Жеңиштин өтмө желегин мамлекеттик катчынын милдетин аткаруучуга тапшырышты. Расмий маалыматтарга караганда, Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 363144 жоокер аттанып, алардын 130 миңден ашыгы кайтпай калган. Кыргызстанда жашап жаткан ардагерлердин бешөө мындан эки күн мурда Москвада өтүүчү салтанатка катышуу үчүн жөнөп кеткен.

XS
SM
MD
LG