Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:46

Израил жөөт конуштарын көчүрүп кетүү планын убактылуу токтотту


Радикалчыл ХАМАС кыймылы 17-июлда Палестинада болчу парламенттик шайлоодо ийгиликке жетишсе, Израил Газа тилкесинен жөөт конуштарын көчүрүп чыгуу планын кайра карайт. Мындай билдирүүнү Израилдин тышкы иштер министри Сильван Шалом жасады. Премьер-министр Ариель Шарон басып алынган жерлерден аскерлерди жана конуштарды чыгарып кетүү үч аптага токтотулганын жарыя кылды. Шарондун айтышынча, ал жөөттөр салтка ылайык аза күтчү учурда уруштун болушун каалабайт жана чыгарып кетүү иштери аза бүткөндө же августтун ортосунда башталат. Газадан 21 жөөт конушу жана Батыш Иордандын түндүгүнөн төрт жөөт маалеси чыгарылыш керек.

XS
SM
MD
LG