Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:03

Кочкордо депутаттыкка талапкерлер көрсөтүлдү


НАРЫН. Нарын облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Аманкул Молдалиевдин 10-майда билдирген маалыматы боюнча, № 34-Кочкор аймактык шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына он талапкер арыз берди. Алардын арыздарын округдук шайлоо комиссиясы 13-майга чейин иликтеп, 19-майда каттоого алууну аяктамакчы. Ал эми талапкерлердин баары өзүн-өзү көрсөтүштү. Алардын арасында Нарын облустук кеңештин төрагасы Кубатбек Акматбеков, мурунку губернатор Бейшенбек Болотбеков, курулуш тармагы боюнча ишкер Рахат Ырсалиев, учурдагы каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаровдун иниси Нурлан Жапаров, экс-депутат Талгат Момуналиев бар. Бул округда 27-февралдагы шайлоодо добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 62,78% бардык талапкерлерге каршы добуш беришип, шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарышкан. Алдыдагы кайрадан шайлоо 5-июнда болот.

XS
SM
MD
LG