Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Конституциялык кеңешме кайра чогулат


БИШКЕК. Конституциялык кеңешме толук курамында 12-майда чогулат. Бул тууралуу кеңешменин мүчөсү Кубан Мамбеталиев 10-майда билдирди. Анын айтымында, 11-майда Конституциянын долбоорун иштеп чыгуу боюнча 24 кишиден турган жумушчу топ чогулат. Азыркы учурда жумушчу топ сотторду шайлоо маселеси боюнча бир пикирге келе элек. Топтун бир катар мүчөлөрү Жогорку Соттун жетекчилигин пленум шайласын десе, калгандары соттордун курултайы шайласын деген пикирде болууда, деп белгиледи Мамбеталиев. Жумушчу топтун буга чейинки ишинде парламенттин курамын 105 депутатка жеткирүү, азыркы 75 депутатка кошумча 30 депутатты партиялык тизме боюнча шайлоону келерки жылдын баш ченинде өткөрүү чечими жактырылган.

XS
SM
MD
LG