Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:34

Президенттикке талапкерлердин саны өсүп баратат


БИШКЕК. Ушул жылдын 10-июлунда боло турган президенттик шайлоого катышууга жарамдуу деп аты аталган атуулдардын саны дагы эки адамга көбөйдү. Жалалабад облусунун мурдагы губернатору Жусупбек Шарипов Ош облусунун Каракулжа районундагы Баймырза айылында өткөн райондук аксакалдар кеңешинин жыйынында карыялардын батасын алып, президенттикке талапкер болуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу 10-майда “АКИ-пресс” агенттиги кабарлады. Ал эми Транспорт жана коммуникация министринин милдетин аткаруучу Ишенбай Кадырбеков жеңиштин 60 жылдыгына арналып, 8- майда Нарын шаарында өткөн жыйында президенттик үчүн ат салышууга кызыкдар экендигин билдирди. Бирок, акыркы чечимди бир аз убакыт өткөндөн кийин так билдирерин кабарлады. Ал эми Кыргызстандын гидроэнергокуруучулары азыркы премьер-министр Курманбек Бакиевдин талапкерлигин колдой тургандыгын билдирген кайрылууну 10-майда таратышты. Кайрылууга гидроэнергокуруучулар тармагына кирген 8 ишкананын жетекчилери кол койгон.

XS
SM
MD
LG