Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

Ооган президенти Хамид Карзай Европарламентте сүйлөдү


Карзай Европа өлкөлөрүнө Ооганстандагы бейпилдикти көзөмөлдөп жаткан эл аралык коопсуздук күчтөрү үчүн ыраазычылыгын билдирди. Страсбургдагы Европарламентте чыгып сүйлөгөн Карзай Ооганстан келечекте да ар тараптуу жардамга муктаж экенине көңүл бурду. «Европа мындан 60 жыл илгери жардамга канчалык зар болсо, Ооганстан азыр дал ошондой акыбалда. Дүйнө жүзүндөгү тилектеш өлкөлөр ошол кезде Европага ар тараптуу жардам көрсөтүп, турмушту калыбына келтирүүгө салым кошушкан. Азыр биз ошондой колдоого муктаж болуп турабыз», - деди ооган президенти Европарламентке кайрылып. Ал тапта Ооганстандын Жалалабад шаарында 2000дөй студент көчөгө чыгып, ооган туткундары менен иштеген Америкалык тергөөчүлөр Ыйык куранды мазактады деп айыптап, АКШга каршы митинг өткөрүштү. Жакында Америкалык «Ньюсуик» журналы АКШнын Кубадагы аскердик абагында тергөөчүлөр Куранды дааратканаларга коюп койгонун жазып сындаган.

XS
SM
MD
LG