Анда АКШ Пхеньян атомдук куралын сынаганы жатат деп жөн жерден ызы-чуу чыгарып жатат деп айтылат. Билдирүү бирок андай сыноо камдалып жатканы жөнүндөгү сөздөрдү биротоло токтоткон жок. АКШда жарыяланган айрым кабарларда космостон жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, Түндүк Кореянын түндүк-чыгышында айрым аракеттер жанданганы айтылат. Андан улам Вашингтон Пхеньян маселесин Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине алып чыгаарын эскерткен, Түндүк Кореянын ырасмий кабар агенттиги жарыялаган билдирүү Кошмо Штаттар каалаганын кыла берсин деп жыйынтыкталат.