АКШ президентинин коопсуздугу үчүн жооптуу жашыруун кызмат Жорж Буш Тбилиси шаарынын Эркиндик аянтында сүйлөп жатканда, граната ыргытылды деген маалыматты иликтейт. Жашыруун кызматтын маалыматына караганда АКШ президенти Грузиядан кеткенден кийин грузин бийликтери президент Буш сүйлөп жатканда, андан 30 метр алыста колдо жасалган граната ыргытылганын билдиришкен. Бирок детонатору жок граната жарылбай калган.