Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:34

Израилдин коргоо министри тышкы иштер министрин колдогон жок


Израилдин тышкы иштер министринин исламчыл ХАМАС тобу палестин парламентине болчу шайлоодо ийгиликке жетсе, Газадан жөөт конуштарын көчүрүп чыгуу планы аткарылбай калышы мүмкүн деген сөзүн коргоо министри колдогон жок. Шаул Мофаздын айтымында, жөөт конуштарын көчүрүү токтотулбайт жана августтун ортосунда Газа тилкесинен 21 конуш жана Батыш Иордандагы 120 конуштун төртөө көчүрүлө башталат. Дүйшөмбү күнү Тышкы иштер министри Силван Шалом Палестин автономиясында 17-июлда болчу парламенттик шайлоодо ХАМАС көпчүлүк орунга ээ болсо Газадан конуштарды көчүрүү планын кайра кароого чакырган.

XS
SM
MD
LG