Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:31

Европарламентте Борбор Азиядагы абал талкууланды


Страсбург шаарында өтүп жакан Европарламенттин сессиясында бүгүн Тышкы байланыштар комитетинин төрагасы Элмар Брок чыгып сүйлөп, Борбор Азияда түзүлгөн абал тууралуу тынчсыздануусун билдирди:

- Бул регион азыр өтө жогору стратегиялык мааниге ээ. Бул региондо газ менен мунайдын көптөгөн кору бар жана ага Кытай дагы кызыкканын көрсөтүүдө. Аны менен катар региондо исламдык фундаментализм менен баңги заттарын алып өтүү аракеттери да улам күчөп баратат.

Люксембургдан шайланган депутат Николас Шмиттин айтымында болсо, Борбор Азиянын маселелери АКШ Ооганстанда согуш баштагандан бери курчуду.

XS
SM
MD
LG