Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:59

Ооганстандагы демонстрацияга каршы ок атылды


Ооганстандын Жалалабад шаарында антиамерикалык демонстрацияга каршы өкмөттүк жана америкалык аскерлер ок атты, кеминде эки адамдын өлгөнү тууралуу айтылууда. Айрым агенттиктердин кабарлары боюнча, үч же төрт адам курман болду жана элүүгө жакын киши жараат алды. Брюссел шаарында жүргөн президент Хамид Карзай ооган жетекчилерин сындады:

- Бул антиамерикалык окуя эмес. Эл жөн гана Гуантанамо базасында Куран китеби мазакталганы тууралуу кабарга ушинтип жооп берген. Бул демократиялык көрүнүш. Ооганстан демократиялык өлкө. Эл митингге чыгып, өз пикирин билдирүүгө укуктуу.

Митингдер Жалалабадда кечээ күнү башталган, эки миңге жакын жаш жигит антиамерикалык ураандарды кыйкырып, көчөгө чыккан. Куба аралындагы Гуантанамо базасында америкалыктар ар башка өлкөлөрдө туткундалгандарды кармайт.

XS
SM
MD
LG