Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:00

Иракта бир нече жаңы жардыруу болду


Ирактын ар башка аймактарында бүгүн кеминде беш жардыруу болуп, алардан алтымыштан ашык адам набыт кетти. Тикрит шаарында бир жан кечти өзүн-өзү жардырып жибергенден 31 адам өлүп, отуздан ашык киши жараат алды. Хавия шаарындагы ошондой эле жардыруудан 30 киши ажал тапты жана дагы 25 адам жарадар болду. Америкалык аскерий жетекчиликтин өкүлү генерал Жеймс Конвейдин айтымында, акыркы күндөрдө абал бир кыйла курчуду:

- Согушкерлер аскерий кийим кийип жүрүшөт, кээ бирлеринин чопкут чыптамалары бар, айрым кабарларга караганда, аларды даярдоо иштери бир топ жогору деңгээлге коюлган жана аскерий аракеттер чыгыш тарапка жайылууда.

Андан тышкары согушкерлер Анбар провинциясынын губернатору Ража Наваф Фархан ал-Махалавини барымтага алып, америкалык аскерлердин Ирактын чыгып кетишин талап кылууда. Бул провинцияда төрт күнгө уланган салгылашууларда жүздөн ашык согушкер жана үч америкалык аскер окко учту.

XS
SM
MD
LG