Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:30

К. Осмонов: сотторду элге душман катары көрсөтүүгө кызыкдар саясий күчтөр бар


БИШКЕК. 11-майда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиев Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова жана Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов менен жолугушту. Анда өлкөдөгү сот системасындагы азыркы жагдай талкууланды. Курманбек Осмонов ээлеген кызматынан өз ыктыяры менен кетүү жөнүндө президенттин милдетин аткаруучуга жана Жогорку Кеңешке жазган арызын кайра кайтарып алгандыгын маалымдап, сот системасындагы азыркы кырдаалды жөнгө салуу үчүн бүт күч-аракетин жумшай тургандыгын билдирди. Анын пикиринде, учурда өлкөдө сот системасын элге душман катары көрсөтүүгө кызыкдар саясий күчтөр бар. Курманбек Осмоновдун пикиринде Жогорку соттун имаратын аны ээлеп турган пикетчилерден бошотуу маселеси күч колдонуу эмес, сүйлөшүү жолдору менен чечилүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG