БИШКЕК. 11-майда Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратында баш мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу боюнча Конституциялык кеңешменин жумушчу тобу өз ишин улантты. Жыйында өлкөдө сот реформасын жүргүзүү маселеси талкууланды. Сотторду шайлоо маселеси козголуп, көпчүлүк добуш менен президенттин ыйгарым укуктарынан Жогорку соттун төрагасын жана анын орун басарларын Жогорку Кеңешке көрсөтүү алынды. Жогорку соттун жетекчилигин Жогорку сотко көрсөтүү үчүн сот кеңеши түзүлүшү керек деген сунуш айтылды. Буга чейин жумушчу топтун айрым мүчөлөрү Жогорку соттун төрагасын жана анын орун басарларын соттордун курултайы шайлашы керек деген к пикирди да ортого салышкан.