БИШКЕК. 11-май күнү Бишкекте өкмөт үйүнүн алдында темир жол башкармалыгынын 14 жумушчусу ачкачылык акциясын улантты. 26-апрелден бери мындай акцияны өткөрүп жаткан жумушчулар өкмөттөн тармактын жетекчилигине темир жолчу адисти дайындоону талап кылышууда. Бул күнү нааразылык акциясынын катышуучулары унаа жана байланыш министринин милдетин аткаруучу Ишенбай Кадырбековду отставкага кетирүү талабын да койо башташты.
Ушул эле күнү темир жол башкармалыгынын жумушчу жамаатынын жыйыны өтүп, ага катышкан 160 делегат ачкачылыкта отурган кесиптештерине нааразылык акцияны токтотууну талап кылган кайрылуу жолдошту. Ачкачылык кармап отургандардын ичинен 6 адам бүгүнкү күндө ооруканада. Бул күнү бир катар бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү ачкачылыкта отурган темир жолчулар менен жолугушту. Буга чейин бийлик өкүлдөрү темир жолчулардын талаптары 10-майдан кийин чечилет деп маалымдашкан.