Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:37

Президенттикке талапкерлердин областтык штабдары ачылды


ЖАЛАЛАБАТ. Облустун борборунда президенттикке талапкер катары көрсөтүлгөн президенттин милдетин аткаруучу өкмөт башчы Курманбек Бакиевдин штабынын жетекчиси Акмат Бакиевдин билдирүүсүнө караганда, Курманбек Бакиев Жалалабат, Кочкората шаарлары менен Алабука, Сузак, Ноокен райондорунан өлкө башчылыгына сунуш кылынган жана эми район, шаарларда штабдарын ачуу иши башталат. Президенттик таймашка катыша турган “Арнамыс” партиясынын төрагасы Феликс Куловдун да облустагы штабы ачылды. Штаб башчы Самаган Асановдун маалыматына караганда, Аскар Акаевдин бийлиги учурунда беш жыл абакта отурган Феликс Куловдун Жалалабат, Сузак, Базаркоргон, Ноокен аймактарында жергиликтүү түйүндөрү түзүлдү. Өлкө башчылыгына аттанган Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаевдин облустук штабын башкарган Кушназар Камытовдун айтымында, бардык аймактарда штаб ачылды. Мурдагы губернатор Жусупбек Шариповдун да штабы ачылганы турат.

XS
SM
MD
LG