Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:19

Кыргызстан элдик кыймылы курултайы өткөрөт


БИШКЕК. Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-минстр Курманбек Бакиев жетектеген Кыргызстан элдик кыймылынын кезектеги курултайы үстүбүздөгү жылдын 21-майында Бишкекте өткөрүлөт. Курултайда бир, тагыраак айтканда, Курманбек Бакиевдин талапкердигин президенттикке көрсөтүү маселеси каралат. Ага республиканын бардык дубандарынан чакырылган делегаттар жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышат. Кыргызстан элик кыймылы март ынкылабына чейин Аскар Акаевдин башкаруу режимине каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн. Ага ошол мезгилде оппозициячыл тогуз саясий партия кирген.

XS
SM
MD
LG