Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:17

Маммүлк комитетинин мурдагы жетекчилерине карата кылмыш иши козголду


БИШКЕК. Ички иштер министрлигинин кызматтык кылмыштарга каршы күрөш боюнча башкы башкармалыгы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы жетекчилери Равшан Жээнбековго, Султан Медеровго жана юридикалык бөлүмдүн башчысы Мырзакматовго каршы кылмыш иши козгоду. Кылмыш ишине 2000-2003 жылдар аралыгындагы шалаакылыгы үчүн делген негиздеме берилет. Бул тууралуу башкы башкармалыктын маалыматына шилтеме берип, министрликтин маалымат катчысы Нурдин Жангараев бейшембиде билдирди. Маалыматка караганда, бул кылмыш иши «Кыргызтелеком» акционердик коомунун 40% акциясын сатуу максатында тендер уюштурууга байланыштуу чет өлкөлүк «Райфайзен Инвестмент» компаниясы менен мамлекетке пайдасыз келишим боюнча козголгон. Иликтөөдө белгиленгенге караганда, аталган жооптуу кызматкерлердин шалаакылыгынан мамлекетке 1 миллион 839 миң доллар зыян келген. Бул каражат аягына чыкпай калган тендер үчүн «Райфайзен Инвестмент» жана «ЛЛБМ» компанияларына компенсация иретинде төлөнүп берилген. Бул ишке байланыштуу мурдагы жооптуу кызматкерлер өз пикирлерин билдирише элек.

XS
SM
MD
LG