Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:28

Жеңишбек Назаралиев Аскар Акаевди сотко берет


БИШКЕК. Президенттикке талапкердигин коюп жаткан дарыгер Жеңишбек Назаралиев экс-президент Аскар Акаевге каршы доо арыз менен сотко кайрылмай болду. Буга байланышкан билдирүүнү Назаралиев 12-майда таратты. Анда белгиленгенге караганда, Акаев «Аргументи и факты» гезитинин 11-майдагы санына жарыяланган интервьюсунда Назаралиевдин абийирине, ар намысына, президенттикке талапкердик беделине доо кетирген. Ошондуктан, ал Акаевге 50 миллион доллар доо коймокчу. Акаев интервьюсунда 24-марттагы окуялар төңкөрүштүн уюштуруучуларынын арасында кылмыш дүйнөсүнүн башчылары менен кыргыздын наркобарондору бар экенин мүнөздөйт деп, алардын катарына дарыгер-наркологду кошкон.
Назаралиев 29-апрелде «Вечерний Бишкек» гезитине берген интервьюсуна байланыштуу мындан он күн мурун Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевди да сотко берип, 50 миллион доллар өндүрүүнү талап кылган. Назаралиев «Азаттыкка» берген маегинде минтип билдирди:

-Бул жерде Акаев менен Бакиевдин сөздөрү бир келип атат. Бул идеологияга жарашпай турган нерсе.

Эки саясатчынын интервьюсундагы айырмалуу жагы: Бакиев «наркобарон» жана «кылмышкер» деген сөздөр менен кошо тигил же бул ысымды атаган эмес.

XS
SM
MD
LG