Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:31

«Кайран эл» КЭКтен кетти


БИШКЕК. «Кайран эл» саясий партиясы Кыргызстан элдик кыймылы саясий блогунан чыгып, өз алдынча иш жүргүзүү чечимине келди. Буга байланышкан билдирүүнү партия 12-майда таратып, кыймылдан чыгуу себебин Аскар Акаевди кызматтан кетирүү боюнча иш-аракеттердин алгачкы этабы аяктагандыгы менен негиздеди. Буга чейин өз алдынча иш жүргүзүү максатын билдирип, блоктон «КДК» партиясы чыккан. Ушул эле күнү Кыргызстан элдик кыймылы тараткан маалыматка караганда, Кыргызстан элдик кыймылы саясий блогунун катарына экономикалык кайра жаралуу жана дыйкандар саясий партияларына кирмей болду. Буга байланыштуу лидерлер ортосунда алдын ала макулдашуулар болду, бул макулдашууга байланышкан чечимди 21-майда өтө турган кыймылдын курултайы кабыл алат. Кыймылдын курамында учурда 7 партия бар.

XS
SM
MD
LG