Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:17

Жогорку сотко нааразы шайлоочулар Парламентке пикетке чыгышты


БИШКЕК. 12-майда Жогорку Кеңештин имаратынан алдына №6-Асанбай, № 59-Чүй, №21-Токтогул, №27-Базаркоргон-Сузак, №28-Кызылтуу шайлоо чөлкөмдорүнүн шайлоочулар тобу нааразылык акциясын өткөрүштү. Алардын демилгечилери акция уюштуруу себебин Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмоновдун кызматтан кетүү арызын кайтарып алышы менен байланыштырышып, арызын кайтарып бергендиги үчүн парламент төрагасы Өмүрбек Текебаевден шайлоочулар менен жолугушууну талап кылышты. Алар Жогорку Кеңештин имаратына кирүүгө аракеттенишип, бирок милиция тосмосунан өтө алышкан жок. Нааразы тараптардын өкүлдөрүн алардын талабы боюнча төрага Өмүрбек Текебаев кабыл алды. Ушул эле жерге бул күнү №39-Куршаб шайлоо округунун шайлоочулар тобу да чыгып, «Мадумаров менен БШК 10 миң шайлоочунун укугун басмырлап жатат» деген жазууларды кармап турушту. Пикетчилер түштөн кийин тарап кетишти. Нааразы тараптын ичинен №21-Токтогул жана №59 Чүй шайлоо округдарынын шайлоочулары 22-апрелден бери Жогорку соттун имаратын ээлеп турушат.

XS
SM
MD
LG