Адам укуктары боюнча европалык соттун бүтүмүн аткаруу милдет эмес, бирок ал Анкаранын өкмөтүнө күрдүлөрдүн жол башчысын кайра соттоого кысымды күч алдыраары бышык. Күрдү козголоңчуларынын башчысы 1999-жылы өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө салынган.
Европалык соттор Ожалан "көз карандасыз жана бейтарап трибуналда" соттолгон эмес деп айтышты. Ожалан мурдатан сот иши жана өзүнүн алыскы аралда камерага жалгыз кармалышы адам укуктары боюнча конвенцияларга каршы келээрин айтып, даттанган эле.