Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:59

Багдадда бүгүн машинада катылган бомба жарылып, кеминде 12 киши каза тапты


Дагы 50 кишинин жараат алганы кабарланууда.
Жардыруу болгон базардын жанында өрт жалбырттап күйүп, базар текчелери, машиналардын быт-чыты чыккан калдыктары, аялдар менен эркектердин күйгөн дене мүчөлөрү жайнап жатат. Кечээ да ушундай эле кол салуудан 70тен ашык кишинин өмүрү кыйылган эле.

Бүгүн ошондой эле Багдадда Ирак армиясынын генералы жана полиция полковниги атып өлтүрүлдү. Ал эми түндүктөгү Киркук шаарында эки бомба жарылганда, кеминде үч киши жараат алды. Ал эми Швецияда "Иракта өз жанын кыйуу аркылуу террордук чабуул уюштуруп жаткан" деген кине менен эки ирактык атуул алты жана жети жылга эркинен ажыратылды.

Ирактын эли жумушсуздуктан, турак-жайдын тартыштыгынан, саламаттык тармагынын начарлыгынан жана электр кубатынын жетишсиздигинен жапа тартышууда. Бул тууралуу Бириккен Улуттар уюму Ирактын өкмөтү менен биргелешип өткөргөн изилдөөдө айтылат. 370 беттен турган отчет бүгүн жарыяланды.

XS
SM
MD
LG