Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:13

Англиялык «Манчестерди» АКШлык миллиардер сатып алганына күйөрмандар нааразы


«Манчестер Юнайтед» футбол клубунун күйөрмандары аталган команданы көзөмөлдөө укугун америкалык миллиардер Малколм Глэйзер сатып алганына нааразылык билдирип, ири акциялар уюштурууга даяр турганын эскертишти. «Манчестер Юнайтеддин» стадионунун жанында чогулуп алып, команданын жаңы формасын жана ага кожоюн болгон америкалык миллиардердин сүрөттөрүн өрттөп жаткан жеринен беш киши камакка алынды. Алардын колдоочулары футболдук командага жана анын жаңы ээсине таандык бардык товарлар менен банктарга бойкот жарыялоого үндөп жатышат.

Соңку эл аралык кабарларды Прагадан Венера Сагындык кызы даярдады

XS
SM
MD
LG