Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Ташкенде катардагы жаран ок жеп өлдү


Бүгүн Израилдин Ташкендеги элчилигинин имараты алдында жанкечти деген шек боюнча өлтүрүлгөн киши жаңылыш атылган. Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз өкүлү Светлана Артикова ал кишинин жанынан эч кандай жардыргыч табылбаганын билдирди:

-Биз маркумдун ысымын тактадык. Ал 1952-жылы туулган Георгий Александров аттуу өзбек жараны болуп чыкты. Жанында эч кандай жардыргыч табылган жок.

Израилдин радиосу Ташкендеги элчиликтин кызматкерлерине таянып, ок жеп өлгөн киши шектүү бир жыгач буюм көтөрүп келатканда күзөтчүлөр жардыргыч деп ойлоп алышкан деп кабарлады.

XS
SM
MD
LG