Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:49

Отунбаева Кытайдан кайтып келди


БИШКЕК. Кыргызстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева Кытай эл республикасына жасаган иш сапарын аяктап, мекенине кайтып келди. Бул тууралуу 13-майда министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.10-13-майда болгон сапар учурунда Отунбаева Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү Тан Цзясюан, тышкы иштер министри Ли Чжаосин, Шанхай кызматташуу уюмунун аткаруучу катчысы Чжан Дэгуан жана Кытайдын коммуникация, коммерция министрликтеринин жетекчилиги менен жолугушкан. Анда кыргыз-кытай мамилесинин абалы жана келечеги жөнүндө пикир алмашуу болгон. Кытайдын тышкы иштер министри Чжаосиндин сапар учурундагы маалымдоосуна караганда, Кытай Кыргызстанга 10 миллион юан өлчөмүндө грант бөлүп берди.

XS
SM
MD
LG