Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:35

Өзбекстан менен чек ара жабылды


БИШКЕК. Өзбекстандагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын чек ара кызматы кыргыз-өзбек чек арасын жабуу тууралуу чечим кабыл алды. Чек ара кызматчылары күчөтүлгөн тартипте кызмат кылууга өткөрүлүп, мамлекеттик чек ара аркылуу атуулдарды, унааларды өткөрүү токтотулду. Коңшу өлкөдөгү кырдаал иликтенип, маалымат топтолууда. Кыргызстандын коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков күч структуралары дайым даярдыкта болуш керек деп, Анжиян шаарындагы абал тууралуу буларды билдирди:

-Шаардын четинде атышуулар болуп жатат деген бизде маалымат бар. Биз эми өзүбүздүн милдетти так аткарып, чек ара кызматтары өз ишин так аткарып турса менин оюмча баары жакшы болот.Эң негизгиси биз алардын ишине кийлигишип, андай-мындай деп айтышыбыз керек эмес. Себеби ага баа бериш ошол жердеги абалды так билиш керек..

Тышкы иштер министрлигинен Өзбекстандагы кырдаал боюнча азырынча эч кандай маалымат бере алышпасын, абалды иликтөө жүрүп жатканын кабарлашты.

XS
SM
MD
LG