Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:59

Анжиандан карама-каршы маалыматтар түшүп жатат


Кечээ кечинде коопсуздук күчтөрү “Акрамия” тобунун козголоңчулары окбаанелеп жаткан областтык администрациянын имаратын жапырык жасап алганы, жоон топ киши набыт кеткени, көптөгөн кишилер жарадар болгону кабарланган эле. Экинчи бир маалыматтарда шаарда каршылык көрсөтүү дале уланып жатканы айтылат. Өзбекстандын ички иштер министрлиги козголоңчулардын колунда барымтада жаткан милиция кызматкерлери бошотулганын ырастаса, башка бир кабарларга ылайык, операция башталганда аларды козголоңчулар атып салышкан. Имаратты ээлеп алган козголоңчулардын тагдыры да белгисиз.

XS
SM
MD
LG