Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:32

Соцдем партия Бакиев менен Куловдун тандемин колдойт

БИШКЕК. Кыргызстан социал-демократиялык партиясы президенттин милдеттерин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиев менен «Арнамыс» партиясынын төрагасы Феликс Куловдун бир тандемде чыгышын колдойт жана Курманбек Бакиевдин президенттик шайлоонун биринчи айлампасында жеңишке жетиши үчүн аракетин жумшайт. Бул жөнүндө 14-майда Бишкекте өткөн аталган партиянын жетинчи курултайында айтылды. Партиянын төрагасы Алмаз Атамбаев белгилегендей, Бакиев менен Куловдун президенттик шайлоо боюнча бир пикирге келишине анын салымы чоң болду. Курултайда 24-марттагы ыңкылапка баа берилип, ыңкылап өлкөдөгү оор социалдык-экономикалык абалга байланыштуу эл тарабынан жасалды деген пикирлер айтылды. Курултайга аймактардан келген 207 делегат катышты.
XS
SM
MD
LG