Өзбекстандын Анжиян шаарында бүгүн өкмөткө каршы митингдер кайрадан башталды, алар эми кечээ күнү элге каршы өкмөттүк күчтөр тарабынан ок атылганына нааразылык билдирүүдө. "Азаттыктын" Анжияндагы кабарчысы Садриддин Ашуровдун айтымында, өлгөндөрдүн денелери бир жерге чогултулуп жатат:
- Райондук акимиаттын алдына абдан көп адам чогулду, алар кечээки окуяга нааразылык билдирүүдө жана аялдар менен жаш балдарга каршы ок аткан бийликке кечирим жок деген пикирде. Өлгөндөрдүн денелери Бабурдун эстелигинин алдына алып келинип, кырка тизилип коюлууда.