БИШКЕК. “Кыргыз- өзбек чек арасындагы бүгүнкү кырдаал эки мамлекеттин ортосундагы ички иш. Андыктан кыргыз жана өзбек бийликтери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат деп ишенем”. Мындай пикирин ЕККУнун Кыргызстандагы элчиси Маркус Мюллер “Азаттыкка” бүгүн билдирди. Анын пикиринде, эл аралык уюмдар анын ичинде ЕККУ эки өлкө ортосундагы бул маселеге кийлигише албайт. Маркус Мюллердин айтымында, ЕККУнун Ташкендеги кеңсеси Өзбекстандын бийлиги менен козголоңчулар ортосунда ортомчу болуп берүүнү сунуштаган, бирок өзбек бийлиги буга өз пикирин билдире элек. Маркус Мюллердин пикиринде, Кыргызстанга киргизүүнү талап кылып жаткан өзбекстандыктар арасында козголоңчулар да, тынч жаткан эл дагы бар. Андыктан кыргыз бийлиги бул маселеге өтө кылдат мамиле кылганы оң.